Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-сентябры № 597
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүн андан ары регламентациялоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 1931-пункт менен толукталсын:
«1931. Такси айдоочулары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 61-тиркемесине ылайык жол кыймылынын коопсуздугу боюнча нускама өтүү баракчасына кийинчерээк белги коюу менен өткөндүгүн милдеттүү түрдө белгилеп, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча квартал сайын нускамадан өтүүгө милдеттүү.»;
– 1941-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суроо-талабы боюнча айдоочунун статусу жөнүндө (каттамда турат жана жаңы заказдарды кабыл алууга даяр, заказды аткарууда, заказдарды алуу жана аткаруу үчүн жеткиликтүү эмес) маалымат берүүнү;
– айдоочулардын жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин фотоконтролдоо функциясынын болушун;
– ташуучулардын рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди колдонбогонун контролдоо функциясынын болушун;
– милдеттүү лицензия болгондо жана ушул пункттун талаптарын сактоо менен 60 км ашык аралыкка шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү ташууну.
Лицензиясы жок, убактылуу токтотулган же болбосо жараксыз экендиги аныкталган учурда такси заказынын маалыматтык системасы заказдарды (чакырууларды) тиешелүү ташуучуга берүүнү токтотот жана бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга токтоосуз кабарлайт.».