Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 659 токтомуна)
Саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү тартиби (мындан ары - Тартип) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруунун максаттарын, милдеттерин жана шарттарын, ошондой эле саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдарга карата квалификациялык талаптарды аныктайт.
2. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү саламаттык сактоо жаатында кесиптик билими бар медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларынан тышкары үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатууга багытталган.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы адистердин билим алуусун жана кесиптик муктаждыктарын канааттандыруу, алардын кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу;
2) медициналык жана фармацевтикалык адистердин квалификациясынын кесиптик иштин өзгөрүп жаткан шарттарына жана саламаттык сактоо жаатындагы эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу;
3) адамдык капиталды өнүктүрүү жана адамдын илимдин, техниканын, технологиялардын жана инновациялардын акыркы жетишкендиктери, ошондой эле медицина, фармация жана саламаттык сактоо жаатындагы алдынкы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйба жөнүндө билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
4) уюштуруучулук-укуктук формага жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын жана медициналык билим берүү уюмдарынын адистеринин, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, жеке медициналык практика менен алектенген жана убактылуу иштебеген саламаттык сактоо жаатындагы адистердин үзгүлтүксүз билим алуусу жана кесиптик өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу.
4. Кошумча билим берүү программаларын өздөштүрүүгө төмөнкү адамдарга жол берилет:
1) саламаттык сактоо жаатында орто кесиптик жана (же) жогорку кесиптик билими барларга;
2) саламаттык сактоо жаатында орто кесиптик жана (же) жогорку кесиптик билим алып жаткандарга.
5. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү саламаттык сактоо жаатындагы квалификациялардын тармактык алкагынын жана кесиптик стандарттардын квалификациялык талаптарына ылайык медициналык жана фармацевтикалык адистердин кесиптик компетенцияларын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана колдоо үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш. Кошумча билим берүү жаатында медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияны саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
7. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт.
8. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, медициналык билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин билим берүүсүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Медициналык билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Ушул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги болгон квалификацияга кошумча алынуучу, иш чөйрөсүн жогорулатуу же кеңейтүү максатында билим берүүнүн түрү;
2) үзгүлтүксүз билим берүү - адамды өмүр бою коштоп жүрүүчү, жашоо-турмушунун этаптарында ырааттуу ишке ашырылуучу, алардын ар биринде өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлүүчү билим берүү;
3) формалдуу эмес билим берүү - медициналык жана фармацевттик адистердин билим алууга болгон муктаждыктарына ыкчам жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө, окутуу формасынын көп түрдүүлүгүнө негизделген, формалдуу билим берүүнүн чегинен тышкаркы билим берүү иши;
4) билим берүү уюму - билим берүү кызматтарын иштин негизги түрү катары көрсөтүүчү юридикалык жак. Билим берүү уюмдары мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик формаларында түзүлүшү мүмкүн;
5) кесиптик өнүгүү - кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана жекече билим алуу муктаждыктарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылуучу калыптануу жана кесиптик өсүү процесси;
6) кесиптик өнүгүү - кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана жекече билим алуу муктаждыктарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылуучу калыптануу жана кесиптик өсүү процесси;
7) кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
8) кайра даярдоо - болгон кесиптик билимдин базасында жаңы кесипти же адистикти алуу менен байланышкан, мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документ алуу менен аяктаган окутуу;
9) бирдиктүү реестр - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кошумча кесиптик билим берүү программалары жана иш-чаралары, ошондой эле алардан өткөндүгүн ырастоочу берилген документтер жөнүндө маалыматтарды эсепке алууга, каттоого, сактоого жана жалпыга жеткиликтүү берүүгө арналган электрондук маалыматтык система.