Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 132-чуа буйругу менен бекитилди
Кыргыз РеспубликАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
БАЗАЛЬТ-КОМПОЗИТТИК АРМАТУРАЛАР МЕНЕН БЕКЕМДЕЛГЕН БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ
КОНСТРУКЦИИ БЕТОННЫЕ, АРМИРОВАННЫЕ БАЗАЛЬТОВОЙ КОМПОЗИТНОЙ АРМАТУРОЙ
Concrete structures reinforced with basalt composite reinforcement
Биринчи жолу
__________________________________________________________________________________
Киргизүү датасы 2026.10.10
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Бул курулуш эрежелери базальт-композиттик арматуралар менен бекемделген бетон конструкцияларын долбоорлоого колдонулат.
1.2 Курулуш эрежелери оор жана/же майда бүртүкчөлүү бетондон даярдалган, Кыргыз Республикасынын климаттык шарттарында жүктөмдөрдүн статикалык таасиринде пайдаланылуучу конструкцияларды долбоорлоого талаптарды белгилейт.
2 Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш эрежелеринде төмөнкү документтерге ченемдик шилтемелер колдонулган:
КР КЧ 52-02:2024 Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор
КР КЧжЭ 52-01:2009 Тирөөч жана тосмо конструкциялар