Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-августу № 112
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июлундагы № 62 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Фрунзе айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясын резервине талапкерлердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Фрунзе айылдык кеңеши ушул кезексиз сессиянын токтомун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |