Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-августу № 111
«Кредиттик каражаттарды жылдыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентин администрациясынын 2025-жылдын 4-июлундагы №18-7183 протоколдук тапшырмасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 4- августундагы №197 буйругуна ылайык, 2026-жылдын 27-августунан -7 сентябрына чейин өткөрүүлө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерин камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеевдин тарабынан берилген маалыматын угулуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төмөндөгүдөй кредиттик каражаттарды жылдыруу жүргүзүлсүн:
Өздүк эсеп: 4403081251004035 “Аппарат”
беренеси 2215 - 600,0 миң сом
Жогоруда көрсөтүлгөн сумма төмөнкү эсептерге которулсун:
Өздүк эсеп: 4403081251003833 “Китепкана”
беренеси 2215 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү +600,0 миң сом
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Т.О.Джумабековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Дюшалиев М.К. |