Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 98 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди (мындан ары - Президенттин кызмат ордуна талапкер) колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартибин, ошондой эле кол коюу барагынын формасын жана аны толтуруу жол-жобосун аныктайт.
3. Талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча ишти Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - Жумушчу топ) жүзөгө ашырат.
2. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон колдорду чогултуу тартиби
4. Президенттин кызмат ордуна талапкер 30000ден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш.
Мында берилген колдордун саны 60000 шайлоочунун колунан ашпоого тийиш.
5. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу "Кол чогултуу" автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары - Тутум) аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат.
Тутумду иштетүүгө катышкан негизги маалыматтык тутумдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМР);
- "Э-Талапкер" маалыматтык тутуму;
- жарандардын туулган датасы жөнүндө маалыматтарды алуу сервиси (ЖААК).
6. Тутум Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорунун "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу шайлоочуну авторизациялоо жолу менен жана анын тандаган талапкерин колдой турганын билдирүүсү аркылуу электрондук түрдө чогултулушун камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.
"Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында катталуу жана аны андан ары пайдалануу жаран өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берген учурда жүзөгө ашырылат. "Түндүк" порталы аркылуу берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаран өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берген шартта жүзөгө ашырылат.
7. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат жана Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдой турганын билдирүү болуп саналат.
8. Шайлоочулардын колдорун чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.
9. Колдорду чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт.
10. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жана жашаган жерлеринде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле шайлоо мыйзамдарында үгүт жүргүзүүгө жана колдорду чогултууга тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колдорду чогултууга катышуусуна, ошондой эле колдорду чогултуу процессинде шайлоочуларды мажбурлоого жана кол койгондугу үчүн аларды сыйлоого жол берилбейт.
12. Эмгек жамааттарында Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу ички эмгек тартибинин эрежелерин бузбоого тийиш.
13. Коомдук жерлерде, көчөлөрдө, жашаган жери боюнча Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу коомдук тартипти, жарандардын эс алууга укугун жана турак жайынын кол тийбестигин бузбоого тийиш.
14. Кол коюу барагына кол коюуга Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн жарандары укуктуу.
15. Шайлоочулар бир нече талапкерди колдоп, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
16. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултууда шайлоочунун талапкерди колдоосу акыркы болуп саналат жана кайра чакыртып алынбайт.
17. Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан же ден соолугунун абалы боюнча Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдоп өз алдынча кол коё албаса, анда ал башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.