Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 101 токтомуна тиркеме
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Жобонун максаты айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
- добуш берүү күнү саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө уюмдарында жана мекемелеринде турган шайлоочулар;
- чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- кылмыш жасоого шектүүлөр же айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда турган шайлоочулар;
- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, алыскы мал чарба участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;
- жумуш цикли үзгүлтүксүз болгон ишканаларда (вахталык иштерде) иштеген шайлоочулар.
3. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда, жумуш циклы үзгүлтүксүз болгон ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскердик бөлүктөрдө жашаган башка адамдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин (ишканалардын, аскердик бөлүктөрдүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин он эки календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына (мындан ары - УШК) өткөрүлүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда турган шайлоочуларды жана майыптыгы бар шайлоочуларды эсепке алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) берип турууга милдеттүү (№ 2, 3 формалары).
4. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айрым категориялардагы жарандарга тиешелүү болгон шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти координациялашат, аларга маалымдоо боюнча ишти уюштурушат жана алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт.
5. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен биргеликте айрым категориялардагы жарандарды биометрикалык каттоо, аларды шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) киргизүү, зарыл болгон учурда аларды инсандыкты ырастоочу документтер менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
6. Ар бир шайлоочу:
- 1255 же 119 кыска номерлери аркылуу чалып;
- шайлоо участогунда;
- "tizme.gov.kg" сайтында;
- же болбосо паспорттогу өзүнүн жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жиберип өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактай алат. Натыйжада шайлоочу өзүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин алат (СМС билдирүү жиберүү жана чалуулар акысыз).
Шайлоочу жана референдумдун катышуучусу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай катаны же так эместикти болбосун тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациялоо менен мамлекеттик порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу.
Арыз аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна автоматтык тартипте келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп "Шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында арыз кабыл алынган күндөн тартып жети календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан жөнөтүлөт.