Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-октябры № 778-т
Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Автодок» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл аралык медициналык кластерди түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |