Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 7-октябры № 345
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
2018-жылдын 28-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен, төмөнкүдөй мазмундагы эскертме менен жактырылсын:
"1. Кыргыз Республикасы Протоколдун жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонот.
2. Кыргыз Республикасы Протоколдун 1-беренесинин 3-пунктунун 3.1 жана 3.4-пунктчаларында, ошондой эле 1-беренесинин 3-пунктунун 3.7-пунктчасында башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделине доо кетирген атайылап жалган маалыматтарды таратуу бөлүгүндө каралган жоболорун улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык колдонуу укугун өзүнө калтырат.".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |