Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 2-октябры № 203
Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
“Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Укуктук мүнөзгө ээ мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү жана анын актуалдуулугун камсыз кылуу максатында буйрук кылам:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын борборлоштурулган банкына белгиленген тартипте расмий жарыялоону жана киргизүүнү камсыз кылсын;
2) ушул буйрукту кызмат көрсөтүүнүн администраторлоруна, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жеткирсин;
3) Бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр реестрин алгачкы түзүү жана андан кийинки жүргүзүү үчүн методологиялык коштоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына алар же алардын ведомстволук муниципалдык мекемелери жана ишканалар тарабынан тиешелүү аймактын өзгөчөлүктөрүн жана жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарын эске алуу менен көрсөтүлүүчү жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтар боюнча сунуштарды берүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин курамында түзүү сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Ч.С. Сейитовго жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук «Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр | Б.Т. Сыдыков |