Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-октябры № 755-т
«Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруунун алкагында «Жыргалаң» тоо-лыжа курортунун ачылышына арналган иш-чараларды өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруунун алкагында «Жыргалаң» тоо-лыжа курортунун ачылышына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
– 2026-жылдын 5-октябрына чейинки мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин;
– зарыл болгон учурда аныкталган проблемаларды жана тобокелдиктерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү менен иш-чаралар планында каралган курулуш, уюштуруучулук жана башка иштерди аткаруунун жүрүшүнө системалуу негизде мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
5. Уюштуруу комитети өз ишинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
"Бардык сезондогу "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери" мамлекеттик маанидеги долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруунун алкагында "Жыргалаң" тоо-лыжа курортунун ачылышына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
"Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, уюштуруу комитетинин катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).