Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-сентябры № 750-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 7-августундагы № 277 «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплексин түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ (мындан ары – ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча ишин координациялоону, ошондой эле зарыл болгон уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүүнү камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топко төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
1) ченемдик укуктук актылардын жана башка чечимдердин долбоорлорун кароо жана алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) объекттерди жайгаштыруу аймагын жана чектерин аныктоо боюнча, ошондой эле зарыл болгон инженердик, транспорттук жана башка инфраструктура менен камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) концепцияны иштеп чыгууга, долбоорлоого, курууга жана андан ары эксплуатациялоого байланышкан маселелерди координациялоо;
4) инвестицияларды жана башка каржылоо булактарын тартуу маселелерин кароо;
5) эл аралык консультанттардын, эксперттердин жана адистердин сунуштарын кароо;
6) башка маселелерди кароо, уюштуруучулук жана практикалык чараларды иштеп чыгуу.
4. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) иштин айрым багыттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу чакан топторду түзүүгө;
2) иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин тартууга.
5. «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топко көмөк көрсөтсүн жана анын суроо-талаптары боюнча зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "ЭКСПО Кыргызстан" улуттук көргөзмө комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары, ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары;
"Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Бишкек шаарынын мэринин орун басары (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"BiExpo" (БиЭкспо) жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, көз карандысыз эксперт катары (макулдашуу боюнча).