Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-октябры № 769-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан «Апрельское» участогунда алтынды иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн участокто иштерди жүргүзүү башталганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусун алууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан «Апрельское» участогунда алтынды иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
№ | X | Y |
1 | 12584550 | 4403280 |
2 | 12584940 | 4403570 |
3 | 12585980 | 4403310 |
4 | 12586310 | 4402900 |
5 | 12586230 | 4402380 |
6 | 12585840 | 4402260 |
7 | 12584730 | 4402450 |
8 | 12584440 | 4402840 |
Аянты 177,7 га | ||