Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-октябры № 690
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-cтатьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасында:
1) жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:
– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 42-пунктта:
«1,0» деген цифралар «10,0» деген цифраларга алмаштырылсын;
«Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» деген сөздөр «Чакан ГЭС» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Программанын 2-тиркемесинде:
– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41, 42, 43, 44, 45-пункттар менен толукталсын:
41
| Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1б/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 301,75 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан «кызыл бурч» имараты менен | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 621-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн |
42 | Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1б/3 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 183,80 кв. м болгон боёо цехинин имараты | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 621-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн |
43 | Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 682,25 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан КИПА имараты менен | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 621-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн |
44 | Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, 1б/7 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1221,85 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан № 78 имарат менен | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 692-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн |
45 | Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, 1б/4 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 131,60 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан НСО кампасы менен | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 692-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3838) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |