Загрузка документа…
Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу тартиби 1-глава. Жалпы жоболор 1. Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу тартиби (мындан ары - Тартип) базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышын контролдоочу базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынын (мындан ары - администрация) иш-аракеттерин белгилейт жана жөнгө салат. 2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 62-1-беренесине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 3. Ушул Тартиптин максаты субъекттердин ишинин ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу, салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну жогорулатуу, ошондой эле салыктык милдеттенмелерди аткаруудан качууну алдын алуу болуп саналат. 4. Ушул Тартиптин иш-аракети салык кызматынын органдарына, администрацияга жана базарлардын жана соода борборлорунун аймагында соода, өндүрүш же башка чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, анын ичинде юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга жайылтылат. 2-глава. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер 5. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: 1) администрация - базардын жана соода борборунун аймагын уюштурууну, эксплуатациялоону жана башкарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер; 2) администрациянын кызмат адамдары - администрациянын жетекчиси, анын орун басарлары, ошондой эле салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо боюнча функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу башка кызматкерлер; 3) "Базар" МС - базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттерди каттоону жана администрация менен салык органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу базарлар менен соода борборлорун эсепке алуунун мамлекеттик электрондук маалыматтык системасы; 4) ишкердик субъекти - базардын жана соода борборунун аймагында чарбалык иш жүргүзгөн жеке жак, жеке ишкер же юридикалык жак; 5) соода борбору - бирдиктүү бүтүндүк катары башкарылуучу, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну ишке ашыруу үчүн 10дон ашык түйүндөр жайгашкан, соода жана/же башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө арналган, өзүнүн аймагынын чегинде соода, административдик-тиричилик жана кампа жайлары менен камсыздалган капиталдык стационардык курулуш. 3-глава. Администрациянын укуктары 6. Администрация төмөнкүлөргө укуктуу: 1) ишкердик субъекттеринен салыктык каттоого тургандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн алууга (күбөлүк, патент же өзгөчө режим менен соода аймагында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим); 2) контролдук иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде: - "Базар" МС менен салык органдарындагы ишкердик субъекттеринин маалыматтарын салыштыруу; - катталбаган ишкерлерди аныктоо үчүн соода орундарын текшерүү; - ККМдин болушун текшерүү; - колдонуудагы патентти текшерүү (анын жарактуулук мөөнөтү, иштин түрүнө дал келүүсү); - жалданма жумушчулар менен түзүлгөн эмгек келишимдерин текшерүү; - аныкталган бузууларды сүрөткө жана видеого тартуу; 3) контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча администрация тарабынан бекитилген форма боюнча бузуу фактыларын каттоого алууга жана аларды белгиленген тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн салык органдарына жөнөтүүгө; 4) салык органдарынан салык сырын түзбөгөн маалыматтарды суроого (субъекттин каттоо статусу, патенттин болушу, салык салуу режими жана колдонулуучу ККМ); 5) биргелешкен салыктык иш-чараларды өткөрүүдө салык органдары менен өз ара аракеттенүүгө; 6) салык органдары менен биргеликте ишкердик субъекттеринин арасында салыктык милдеттенмелерди, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруу тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө; 7) салык органдарынан консультациялык жана методикалык жардам алууга. |