Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 12-октябры № 347
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 18-октябрындагы № 299
«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө»
Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун 1-пунктчасында «пенсиянын өлчөмү кийин өзгөргөнгө чейин» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |