Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-октябры № 686
Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо
тартибин бекитүү жөнүндө
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 529 «Монополиялык жогорку (төмөнкү) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |