Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-июну № 489-т
«Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фондунун натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте «Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фондуна мамлекеттик менчикте турган төмөнкү автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте акысыз өткөрүп берсин:
1) 2025-жылы чыгарылган, кузовунун номери LB37852Z5SS093367, ак түстөгү «GEELY XINGUE L»;
2) 2025-жылы чыгарылган, кузовунун номери HLX33B121S1723881, кара түстөгү «LIXIANG L7».
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын кайра каттоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
3. «Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фондуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын кабыл алуу, андан ары аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу жана сакталышын камсыз кылуу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев