Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-августу № 671-т
Россия Федерациясы менен региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |