Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 669 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сый курал фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сый курал фонду (мындан ары - Фонд) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 25, 26-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларын эрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө өтөгөн эмгеги, көп жылдык кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы үчүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткаргандыгы үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды укук коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөктөшкөндүгү үчүн сый курал менен сыйлоо үчүн түзүлгөн.
2-глава. Фонддун түзүлүшү
2. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарына сатып алынган куралдан түзүлөт.
3. Катары менен ок атууга болуучу курал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган курал "сый курал" категориясына кирбейт.
3-глава. Сый куралды сактоо, эсепке алуу жана контролдоо
4. Фондго түшкөн курал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына кабыл алынууга, таризделүүгө жана каттоого алынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги сый куралды сактоону, эсепке алууну, коргоону камсыз кылат жана анын андан ары жүгүртүлүшүн контролдоону "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана курал жүгүртүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат.
4-глава. Сый курал менен сыйлоонун тартиби
5. Фонддогу курал адамдарга алардын эрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө кызматы, көп жылдык кынтыксыз эмгеги, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы, коомдук тартипти сактоо, Ата мекенди, өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо, кылмыштуулукка жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы, табигый кырсыктарда адамдарды сактаганы, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана коомдук тартипти, коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөктөшкөндүгү үчүн сыйлоо максатында тартууланат.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана коомдук тартипти, коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөктөшкөндүгү болуп ошондой эле мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарга жана башка мамлекеттик органдарга он миллион сомдон кем эмес эквиваленттеги суммада материалдык-техникалык жардам көрсөтүү эсептелет.
6. Сый курал деп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскерлештирилген уюмдарынын кызматкерлеринин жана башка адамдардын ээлигине сыйлоо тартибинде өткөрүп берилген курал эсептелет.
7. Курал менен сыйлоого талапкерлер Кыргыз Республикасынын укук коргоо ведомстволору, мамлекеттик органдары жана коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт. Өтүнүчтөр жана сунуштар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
8. Сый курал менен сыйлоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмү тарабынан берилген материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кабыл алынат.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен сый курал анын максаттуу багытын өзгөртүү менен кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берилиши мүмкүн.
5-глава. Сый куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат алуу тартиби
10. Курал менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга жана курал менен сыйлоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берет.