Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-октябры № 765-т
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э. Гареев атындагы ботаникалык бак» илимий-изилдөө институту» мекемесинин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э. Гареев атындагы ботаникалык бак» илимий-изилдөө институту» мекемесине айыл чарба жана атайын техниканы сатып алууга 20 470 000 (жыйырма миллион төрт жүз жетимиш миң) сом, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э. Гареев атындагы ботаникалык бак» илимий-изилдөө институту» мекемеси үчүн каралган 2026-жылга мамлекеттик заказдын каражаттарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен –8 500 000 (сегиз миллион беш жүз миң) сом жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «Жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр» бөлүмү боюнча каралган каражаттардын эсебинен – 11 970 000 (он бир миллион тогуз жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражаттарын тиркемеге ылайык бөлсүн;
2) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев