Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-октябры № 766-т
Бишкек шаарында көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Иллюзион.кг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Бишкек шаарында көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө расмий тилде тиркелген инвестициялык макулдашуу жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев