Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна) |
Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясындагы (мындан ары – Декларация) маалыматтарга андагы кирешелер, чыгымдар, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын чагылдырылышынын аныктыгы жана толуктугу боюнча талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартибин аныктайт.
2. Декларацияда көрсөтүлгөн отчеттук мезгилдеги маалыматтарды изилдөө жана талдоо (мындан ары – Декларацияны талдоо) салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Декларацияны талдоо декларант жөнүндө маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардан алынган маалыматтар жана салык кызматынын карамагындагы маалыматтар менен декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды салыштыруу жолу менен маалыматтардын аныктыгын жана толук чагылдырылышын текшерүүдөн турат.
Декларацияны талдоо декларацияланып жаткан активдердин аныктыгын аныктоо, ошондой эле декларанттын кирешелеринин, чыгымдарынын жана мүлктүк абалынын шайкеш эместик белгилерин табуу максатында жүргүзүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:
1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдардын;
2) жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдардын;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана башкармасынын мүчөлөрүнүн;
4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн;
5) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн.
4. Декларанттын салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:
1) төмөнкү кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдардын:
– административдик мамлекеттик кызмат орундарын;