Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-октябры № 767-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилдеги (расмий эмес котормо) төмөнкү долбоорлор жактырылсын:
– Кыргыз Республикасы менен Трансформациялык көмүртекти каржылоо инструментинин камкорчусу катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн Кабыл алуучу өлкө менен макулдашуу 1-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасы менен Трансформациялык көмүртекти каржылоо инструментинин камкорчусу катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн «Туруктуу энергетикага өтүү үчүн инновациялык каржылоо» (iFIRST) программасы боюнча чыгындыларды кыскартуу үчүн төлөмдөр жөнүндө макулдашуу 2-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасы менен Трансформациялык көмүртекти каржылоо инструментинин камкорчусу катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн «Туруктуу энергетикага өтүү үчүн инновациялык каржылоо» (iFIRST) программасы боюнча кесепеттерди жеңилдетүү боюнча чаралардын натыйжаларын сатып алуу жөнүндө макулдашуу 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев