Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-октябры № 758-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 758-т тескемеси менен жактырылган |
2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2014-жылдын 29-майында кол коюлган жана 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) иштөөсүн жөнгө салуучу негизги эл аралык келишим болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык ченемдерге каршы келбейт. ЕАЭБдин курмына Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы кирет, негизги максаттары товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн кыймылынын эркиндигин камсыз кылуу, ошондой эле экономиканын айрым чөйрөлөрүндө координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясатты жүргүзүү болуп саналат.
Келишимде ЕАЭБдин иштөөсүнүн негизги принциптери, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана органдарынын компетенция чөйрөлөрү жана чектери, ЕАЭБ органдарын түзүү жана иштөө тартиби, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, товарларды сатуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, айыл чарба, өнөр жай жана транспорт саясаты, атаандаштык, мамлекеттик сатып алуулар жана башка чөйрөлөр аныкталган.
2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу аталган протоколду (мындан ары – Протокол) иштеп чыгуу зарылдыгы ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү милдеттери, ошондой эле мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексинде биргелешкен өндүрүштүк жана кооперациялык демилгелерди колдоонун кошумча механизмдерин түзүү менен шартталган.
Протоколду кабыл алуу инвестициялык ишти активдештирүүгө, өз ара сооданы айыл чарба продукциясы менен кеңейтүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы өндүрүштүк байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ушул Протоколго киргизилген өзгөртүүлөр кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга финансылык көмөктөшүүнүн натыйжалуу инструменттерин түзүүгө багытталган, бул айыл чарба өндүрүшүн, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө дем берүүгө, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексинин продукциясынын азык-түлүк коопсуздугунун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда Протокол ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ратификациялоо жол-жобосунан өтүүдө.