Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 4-сентябры № 17-16
Электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1 пайызы өлчөмүндөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин чегерүүлөрүн эсептөө, төлөө, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесинин 21-пунктун ишке ашыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттери тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине чегерүүлөрдү которуу механизминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Тиркелген Электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1 пайызы өлчөмүндөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин чегерүүлөрүн эсептөө, төлөө, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы бул буйрукту кагаз жүзүндөгү актыларды каттоо жөнүндө өзүнчө журналга каттасын жана каттоо номерин жана аны кабыл алуу датасын ыйгаруу менен “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган системасына киргизсин.
3. Пресс-катчы ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде ушул буйрукту жарыяласын.
4. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде анын электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министрдин м.у.а., Министрдин орун басары |
|
С.С. Садыракунов |
Электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1 пайызы өлчөмүндөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин чегерүүлөрүн эсептөө, төлөө, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин (мындан ары – ЭКБ субъекттери) электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1 пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдү эсептөө, төлөө, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби, ЭКБ объектиси жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине карата аныкталат.
2. Бул жобо “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
3. Бул жобонун аракети ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жайылтылат.
4. Аталган каражаттарды которуунун негизги максаттары:
а) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
б) жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү;
в) калкты жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу.
2. Негизги түшүнүктөр
Бул жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
а) ЭКБ объектиси – ЭКБны пайдалануу менен электр жана (же) жылуулук энергиясын өндүрүүгө арналган техникалык түзүлүштөр, алар менен байланышкан курулуштар жана инфраструктура, ЭКБны пайдалануу боюнча объектинин иштеши үчүн технологиялык жактан зарыл болгон, ЭКБны пайдалануу боюнча объектинин менчик ээсинин балансында турган;
б) электр энергиясын сатуудан түшкөн киреше – ЭКБ субъекттеринин электр энергиясын сатуудан алган же алууга тийиш болгон, кошумча нарк салыгын жана башка кыйыр салыктарды эске албаган кирешеси;
в) отчеттук мезгил – календардык ай;
г) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – аймагында ЭКБ объектиси жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.
3. Чегерүүлөрдү эсептөө тартиби
1. ЭКБ субъектиси электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1 пайыз өлчөмүндө чегерүүлөрдү ай сайын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырат.
2. Чегерүүлөрдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
O = B × 0,01
мында:
а) O – чегерүүлөрдүн суммасы;
б) B – отчеттук мезгилде электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат.
3. Чегерүүлөрдү эсептөө үчүн базага электр энергиясын берүүнүн бардык келишимдери боюнча электр энергиясын сатуудан түшкөн киреше киргизилет.
4. Чегерүүлөрдү эсептөө үчүн базага төмөнкүлөр кирбейт:
а) айыптар, туумдар жана башка санкциялар;
б) компенсациялык төлөмдөр;
в) электр энергиясын сатуу менен байланышпаган гранттар, субсидиялар жана башка кирешелер;
г) башка иштерден алынган кирешелер.
4. Чегерүүлөрдү төлөө тартиби
1. ЭКБ субъектиси чегерүүлөрдүн суммасын ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен которот.
2. Которуу тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине жүзөгө ашырылат.
3. Төлөмдүн арналышында көрсөтүлөт:
“ЭКБ субъектисинен түшкөн кирешесинин 1 пайызын 20 __ - жылдын __ айына чегерүүлөр”.
4. Отчетко ЭКБ субъектисинин жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет жана мөөр (бар болсо) менен күбөлөндүрүлөт. Берилген маалыматтар бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу маалыматтарына дал келиши керек.
5. ЭКБ объектиси эки же андан көп администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан учурда чегерүүлөрдү бөлүштүрүү ЭКБ объектисинин жайгашкан аянтына пропорциялуу же тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашуусу менен белгиленген башка тартипте жүзөгө ашырылат.
5. ЭКБ субъекттеринин отчеттуулугу
1. ЭКБ субъектиси чегерүүлөрдү которуу менен бир эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына төмөнкүлөрдү камтыган отчет берет:
а) өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү;
б) сатылган электр энергиясынын көлөмү;
в) түшкөн кирешенин өлчөмү;
г) чегерүүлөрдүн суммасын эсептөө.
2. Отчеттун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жиберилет.
6. Каражаттарды эсепке алуу жана пайдалануу
1. Ушул жобого ылайык келип түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өзүнчө эсепке алынууга тийиш.
2. Каражаттар төмөнкүлөргө жумшалат:
а) социалдык инфраструктураны өнүктүрүү;
б) коммуналдык чарба объекттерин модернизациялоо;
в) энергетикалык камсыздоо тутумдарын өнүктүрүү (көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын орнотуу жана модернизациялоо, энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, социалдык объектилерде жана муниципалдык имараттарда автономдуу жана ЭКБ системаларын орнотуу);
г) муниципалдык коомдук аймактарды көрктөндүрүү.
3. Каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалымат жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
7. Контролдоо жана жоопкерчилик
1. Чегерүүлөрдү эсептөө үчүн база болуп саналган түшкөн кирешени эсептөөнүн толуктугун контролдоо ЭКБ субъектисинин салыктык отчетунун маалыматтарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана салык органдарына берилген маалыматтар дал келбеген учурда салык отчеттуулугунун маалыматтары артыкчылыкка ээ болот.
2. ЭКБ субъекти берилген маалыматтардын аныктыгы жана чегерүүлөрдүн өз убагында которулушу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Чегерүүлөрдү толук эмес же өз убагында төлөбөгөндүк фактылары аныкталган учурда карыздын суммасы мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүлүүгө тийиш.