Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 696
Кыргыз Республикасынын аймагына картошканы ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында картошка өндүрүүгө дем берүү жана рыногун өнүктүрүү максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0701 90 500 0 коду менен классификациялануучу картошканы Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
– жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү картошканы;
– жүктөп жөнөтүлгөн датасын ырастаган документтер болгондо, бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын дарегине жүктөп жөнөтүлгөн картошканы;
– илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чараларды жүргүзүү үчүн ташып келинүүчү картошканы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы белгиленген тартипте картошканы Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташып келүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Дж. Амангельдиев |