Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-августу №17-14
Сражидинова Канзада ажы эне атындагы “Райхан” балдар бакчасынын ачылышына акча каражат бөлүү жөнүндө
2026-жылдын 31-августунда Сражидинова Канзада ажы эне атындагы “Райхан” балдар бакчасынын ачылышы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу бала бакчанын ички эмеректерин ,тамак бышыруучу чоң печка алуу, өзгөчө кырдаал мезгилинде коргонуу үчүн кирүү,чыгуу эшиктерин куруу үчүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин “102 –беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын 31-августунда Сражидинова Канзада ажы эне атындагы “Райхан” балдар бакчасынын ачылышына бала бакчанын ички эмеректерин,тамак бышыруучу чоң печка алуу ,өзгөчө кырдаал мезгилинде коргонуу үчүн кирүү,чыгуу эшиктерин курууга 400 000 (төрт жүз миң) сом өлчөмүндө каражат каралсын.
2.Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “Бюжет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.
Сессияны алып баруучу |
Абдилазиз уулу Ч. |