Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-августу №17-15
Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Кенжебаевдин 2026-жылдын 14-май күнү Бел айыл аймагынын элдери менен жолугушуусундагы протоколдук тапшырманы аткаруу жөнүндө
Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Кенжебаевдин 2026-жылдын 14-май күнү Бел айыл аймагынын элдери менен жолугушуусундагы протоколдук тапшырманы аткарууга,айыл аймагынын ички жана негизги жолдорун иретке келтирүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия курамынын аткаруу жумуштарын кароо жана кошумча техникалык экскваторго соляркасын кароо маселесин карап чыгып ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин “102 –беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Кенжебаевдин 2026-жылдын 14-май күнү Бел айыл аймагынын элдери менен жолугушуусундагы протоколдук тапшырманы аткарууга,айыл аймагынын ички жана негизги жолдорун иретке келтирүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия курамынын аткаруу жумуштарын кароо жана кошумча техникалык экскваторго соляркасын кароо үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты каралсын.2026-жылдын 25-августунан тартып 5-сентябрь күнүнө чейин Бел Өрүк айылынын ички жана негизги жолдору,Кайрагач айылына 6-сентябрдан тартып 16-сентябрь күнүнө чейин, ички жана негизги жолдору иретке келтирилсин.Комиссиянын курамына айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Ырысбаев төрагалык кылсын,анын мүчөлөрү жер адис Эргешов С,Бел айылынын айыл башчысы Абабакиров А, Кайрагач айылынын айыл башчысы Ысманов М,жарандык коргонуу боюнча адис Сыдыков Ж,ВУС кызматкери Сулайманов М,Муниципалдык ишкананын жетекчиси Султанов Ж,аймактык тескөөчүлөр комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “Бюжет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.
Сессияны алып баруучу |
Абдилазиз уулу Ч. |