БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 21-августу №17-16
Муниципалдык ишкананын түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн акча каражаты жөнүндө айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы акча каражатынын үчтөн бир (1/3) бөлүгү Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине киреше катары калтырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн бюджетке калтырылган каражаттын ичинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты Бел айыл аймагындагы жалпы билим берүү мектептерин кыш мезгилине даярдоо үчүн, тактап айтканда кышкы көмүр сатып алууга максаттуу жумшалсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
5.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
6.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “Бюжет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.
Сессияны алып баруучу |
Абдилазиз уулу Ч. |