БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 21-августу №17-17
Айыл аймагындагы социалдык жактан жардам берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы социалдык жактан жардамга муктаж жарандарга жардам берүү анын ичинен Кайрагач айылынын тургуну айылдык кеңештин төрагасы М.Ураимовдун жубайы Н.Балтабаеванын Ноокат районунун акими Н.Керимкуловго жазган 10.08.2026 арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин “102 –беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы социалдык жактан жардамга муктаж жарандарга жардам берүү анын ичинен Кайрагач айылынын тургуну, айылдык кеңештин төрагасы М.Ураимовдун жубайы Н.Балтабаеванын Ноокат районунун акими Н.Керимкуловго жазган 10.08.2026 арызын карап чыгып,социалдык жактан жардамга 50 000(элүү миң)сом каралсын, муктаж жарандарга 30 000(отуз миң) сом, Н.Балтабаеванын арызы боюнча 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты каралып берилсин.
2.Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “Бюжет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.
Сессияны алып баруучу |
Абдилазиз уулу Ч. |