Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 673
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессин оптималдаштыруу, мамлекеттик акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу үчүн актуалдуу кассалык планды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |