Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2026-жылдын 13-октябрындагы
№ 8-д буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) (*) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) (**) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык |
Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы (***) |
Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары (****) | Башка мамлекеттик органдарда/жер гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
Ченем жаратуунун жана экспертизанын функциялары | |||||||
1 | Экспертизанын атайын түрлөрү боюнча иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо
| - субъективдүү мамиле жана талапкерлердин квалификациясын баалоодо үчүнчү жактардын кызыкчылыгындагы калыссыздык; - үчүнчү жактардын кызыкчылыгы үчүн аккредитация тууралуу күбөлүктү алууну кепилдеген же өтүнмө жиберүүчүлөр менен процессти тездетүү үчүн бейтариз (формалдуу эмес) түздөн-түз байланышуу | Кырдаалдык | Орто
| Аккредитациялык комиссия, КР ЮМдун Мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгы | Комиссия мүчөлөрү: башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы, башкы адис (комиссиянын катчысы) | Аккредитация боюнча ыйгарым укук берилген мам. органдарда
|
Тармактык саясатты ишке ашыруу фукциялары соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча функциялар | |||||||
2 | Соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана ишке ашыруу
| Соттук экспертизаларды өткөрүүнүн кезектүүлүгүн негизсиз бузуу, анын ичинде эксперттик изилдөөлөрдүн артыкчылуулугун жасалма жол менен өзгөртүү, жеке адамдарга мыйзамсыз артыкчылыктарды берүү, соттук эксперттин көз карандысыздыгына кийлигишүү жана соттук экспертизаны өткөрүүнүн мөөнөтүнө, процессине жана жыйынтыктарына таасир этүү | Потенциалдуу
| Орто | КР ЮМга караштуу СЭКтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү | СЭК жетекчилиги; башкармалыктын/бөлүмдүн начальниги; башкармалыктын/бөлүмдүн башчысы; башкы эксперт; жетектөөчү эксперт; эксперт | Бул тобокелдиктер экспертизанын өндүрүш жана дайындоо функциялары берилген мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарга тийиштүү болушу мүмкүн |
3 | Сертификация жүргүзүү – соттук эксперттин компетенттүүлүгүнө жараша сертификатты берүү, берүүдөн баш тартуу, токтотуп туруу, ишин токтотуу жана алып салуу | - соттук эксперттин компетенттүүлүгүн сертификациялоодон өткөрүү үчүн, айрым адамдардын кызыкчылыгына карата, сунушталган талапкерлердин документтерине жана квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына объективдүү эмес баа берүү; - компетентүүлүгүнө жараша сертификатты берүүдө, баш тартууда, токтотуп турууда, ишин токтотууда, алып салууда негизсиз чечимдерди кабыл алуу; - документтерди кароодо жана чечимдерди кабыл алууда кызыкчылыктардын кагылышуусу; -сертификациялоо жөнүдө чечим кабыл алууда мыйзамсыз пайда көрүү.
| Потенциалдуу
| Орто | Эксперттик-квалификациялык комиссия | СЭК жетекчилиги; төраганын орун басары; башкармалыктын/бөлүмдүн начальниги; башкармалыктын/бөлүмдүн башчысы; комиссиянын мүчөлөрү жана катчы | Бул коррупциялык тобокелдик СЭКтин эксперттик-квалифкациялык комиссиясынын мүчөлөрү бар мамлекеттик органдарга тийиштүү
|
4 | Мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү уюштуруу
| - мыйзамдын талаптарын бузуу менен адвокатты негизсиз алмаштыруу же дайындоо; - мамлекеттик бюджеттен материалдык сый акы үчүн координатордун адвокаттардын так эмес отчетторун негизсиз макулдашуусу (кабыл алуусу)
| Потенциалдуу | Орто | аймактык бөлүмдөр | координаторлор | жок |
пробациялык көзөмөлдүн функциясы | |||||||
5 | Сотко чейинки пробация | Материалдык сый акы үчүн оң пробациялык баяндама чыгаруу
| Потенциалдуу | Орто | Пробациянын аймактык органы | Пробациянын аймактык органынын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер Пробация органынын ишине гана тийиштүү болушу мүмкүн |
6 | Аткаруучу пробация | Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымына жеткенде негизсиз/мыйзамсыз бошотуу
| Потенциалдуу | Орто | Пробациянын аймактык органы | Пробациянын аймактык органынын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер Пробация органынын ишине гана тийиштүү болушу мүмкүн |
Материалдык сый акы үчүн электрондук көзөмөлдү орнотуу боюнча милдеттүү иш-чараларды өткөрбөө
| Потенциалдуу | Орто | |||||
7 | Коомдук иштерди жасоо түрүндөгү жазаларды аткаруу
| - материалдык сый акы үчүн объекттин администрациясы менен сүйлөшүүнүн негизинде коомдук иштердин аткарылгандын жалган аныктоо тобокелдиги - режимдин бузуу же коомдук иштерди (келүү актыларын “сатуу”) аткарбагандык фактыларын жашыруу
| Системалуу | Жогору | Пробациянын аймактык органы | Пробациянын аймактык органынын кызматкерлери | Организации (предприятия,учреждения), определяемые органами местного самоуправления, на базе которых исполняются общественные работы |
8 | Пенитенциардык пробация | Пробация кызматкерлеринин кардардын жүрүм-турумун баалоодо жана кардарларга негизсиз артыкчылыктарды берүү (режимди жеңилдетүү, жүрүм-турумга оң баа берүү, мөөнөтүнөн мурда бошотуу же башка жагымдуу чечимдерди кабыл алуу), бузууларды жашыруу же кызматкердин же үчүнчү жактардын акча каражаттарын, белектерди, кызматтарды же башка мыйзамсыз пайдаларды алуу максатында мүнөздөмөлөрдү жана башка документтерди тариздөө жана макулдашуу учурунда кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү, же болбосо маалыматтарды бурмалоо, алмаштыруу же ишенимсиз маалыматтарды киргизүүсү | Потенциалдуу
| Төмөн | Пробациянын аймактык органы | Пробациянын аймактык органынын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер Пробация органынын ишине гана тийиштүү болушу мүмкүн |
9 | Пенитенциярдан кийинки пробация
| Материалдык сый акы үчүн электрондук көзөмөлдү орнотуу боюнча милдеттүү иш-чараларды өткөрбөө. | Потенциалдуу | Жогору | Пробациянын аймактык органы | Пробациянын аймактык органынын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер Пробация органынын ишине гана тийиштүү болушу мүмкүн |
Профилактикалык маектешүүнү негизсиз каттоо (пробация кардары каттоого алууга жана каттоого келбеген учурда, кызматкер маектешүүнү жасалма тариздеши мүмкүн)
| Потенциалдуу | Орто | |||||
10 | Пробация кардарларына пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу
| Материалдык сый акы үчүн Пробация кардарлары тарабынан көзөмөл талаптарын жана пробациялык милдеттерди бузууну жашыруу | Системалуу | Орто | Пробациянын аймактык бөлүнүштөрү | Бөлүм башчы; башкы адис; жетектөөчү адис; адис. | Бул тобокелдиктер Пробация органынын ишине гана тийиштүү болушу мүмкүн |
Берилген жазаны алмаштыруу же пробациялык милдеттерди кошуу жөнүдө сотко билдирүү жиберүү тууралуу коркутуу менен пробация кардарларын узалоо
| Потенциалдуу | Жогору | |||||
Пробация кардарынын жашаган жери боюнча формалдуу текшерүү өткөрүү жана көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабагандыгы аныкталган учурда жеке кызыкчылыктан улам же мыйзамсыз пайда үчүн чара көрбөө (бузуу жөнүндө актыны түзбөө, материалдарды жөнөтпөө) тобокелдиги
| Потенциалдуу
| Орто | |||||
Жарандын чет өлкөгө чыгуусу үчүн тышкы миграцияны бирдиктүү эсепке алуу системасындагы маалыматтарды мыйзамсыз өзгөртүү аркылуу пробациялык көзөмөлдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу | Потенциалдуу | Жогору | |||||
11 | Пробация кардарынын өздүгүн изилдөө
| Материалдык сый акы үчүн пробациялык көзөмөлдүн интенсивдүүлүгүн азайтуу жөнүндө негизсиз сунуш берүү | Потенциалдуу | Төмөн | Пробациянын аймактык бөлүнүштөрү, борбордук аппарат | Пробация кардарлары менен баарлашууну жүргүзгөн, психологиялык иштер боюнча кызматкерлер | Бул тобокелдиктер Пробация органдарынын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
12 | Пробация кардарынын административдик-аймактык бирдиктин чегинен чыгуу маселесин чечүү | Пробациянын кардарынын административдик-аймактык бирдиктин чегинен чыгып кетүүсүнө материалдык сыйлык үчүн негизсиз түрдө уруксат берүүнү тариздөө | Потенциалдуу | Орто | Пробациянын аймактык бөлүнүштөрү, борбордук аппарат | Департаменттин жетекчилиги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, аймактык бөлүмдүн адиси | Бул тобокелдиктер Пробация органдарынын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
Жөнгө салуу функциясы | |||||||
13 | Жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүү | Кырдаалдык Адвокаттардын жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестри боюнча, ошондой эле мамлекеттик нотариустарды бошотуу жөнүндө кадрдык буйруктар боюнча талапкерди формалдык текшерүү жүргүзүү, бул нотариалдык иш менен алектенүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынган адамдарды квалификациялык экзаменге жана андан кийин лицензиялоого мыйзамсыз киргизүү мүмкүнчүлүгүн түзөт (мисалы, мурда адвокаттык лицензиясынан ажыратылган же кызматтык бузуулар үчүн мамлекеттик нотариус кызматынан бошотулган)
|
| Төмөн
| Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгы, КР ЮМ караштуу квалификациялык комиссия | ЮМ караштуу квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү | Бул коррупциялык тобокелдиктер КР ЮМнин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
14 | Жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензияны узартуу, токтотуу, токтото туруу, жандандыруу, андан ажыратуу | -нотариустун ишиндеги аныкталган мыйзам бузууларды атайылап көңүл коштук кылуу же туура эмес квалификациялоо жана лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу боюнча чараларды колдонбоо ыктымалдыгы; - нотариустар менен жеке, туугандык, достук же ишкердик мамилелерге байланыштуу чечилбеген кызыкчылыктардын кагылышуусу, бул чечимдин объективдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн | Системалуу
| Орто
| КР ЮМнин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгы, | Министрдин орун басары, башкармалыктын начальниги, нотариат жана апостилдештирүүбөлүмүнүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
| Бул коррупциялык тобокелдиктер КР ЮМнин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
15 |
Нотариустардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү | - аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу, ошондой эле мыйзамсыз пайда алуу максатында текшерүү актысындагы (маалыматтагы) маалыматтарды атайлап бербөө же бурмалоо; - комиссиянын мүчөлөрүнө (анын ичинде нотариус же КР Юстиция министрлигинин кызмат адамдары тарабынан) текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, чечимдерди жеңилдетүү жана лицензиянын токтотулушун болтурбоо максатында таасир этүү коркунучу. - комиссиянын мүчөлөрү тарабынан текшерилип жаткан нотариус менен жеке, туугандык, достук же ишкер мамилелерге байланыштуу кызыкчылыктардын кагылышын жашыруу, бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимдердин объективдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн. - текшерилип жаткан нотариустун же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында ушул сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн жаза чарасын субъективдүү (шайлоочу) тандоо. | Системалуу
| Жогорку | Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча комиссия | Комиссиянын курамына киргизилген ЮМге караштуу аймактык бөлүмдүн адиси; комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик нотариустар | Бул тобокелдиктер КР ЮМнин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
Кызматтарды көрсөтүү боюнча функциялар | |||||||
16 | Юридикалык жактарды жана юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) массалык маалымат каражаттарынын ишин токтотууну мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон өткөрүү | - кызматкердин арыз ээси менен жеке өз ара аракеттенүүсү документтерди консультациялоодо, кабыл алууда жана кароодо тоскоолдуктарды жаратуу, жол-жобону негизсиз тездетүү же создуктуруу, же болбосо мыйзамсыз пайда алуу үчүн айрым арыз ээлерине артыкчылык берүү | Кырдаалдык
| Төмөн
| Юстициянын аймактык башкармалыктары | начальник, -начальниктин орун басары, -башкы адис, -жетектөөчү адис, -адис | Бул тобокелдиктер каттоо функцияларына ээ болгон Мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
17 | Саясий партияларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу
| - консультация берүүдө кызматкердин арыз ээси менен документтерди кабыл алууда жана кароодо жеке өз ара аракеттенүүсү, мында тоскоолдуктарды жаратуу, жол-жоболорду негизсиз тездетүү же кечиктирүү, же мыйзамсыз пайда үчүн айрым арыз ээлерине артыкчылык берүү мүмкүн. | Кырдаалдык
| Төмөн |
КР ЮМнин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгы, |
Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис |
Бул тобокелдик КР ЮМнин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү |
18 | Нотариалдык аракеттерди жасоо | Мамлекеттик нотариустун мыйзамда белгиленген мамлекеттик алымдардан ашкан нотариалдык аракеттер үчүн негизсиз алым алуусу | Потенциалдуу
| Орто | Нотариалдык конторалар | Мамлекеттик нотариустар | Бул коррупциялык тобокелдиктер КР ЮМнин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү |
Камсыздоо функциялары | |||||||
19 | Юстиция органдарынын системасында кадрдык иштерди жүргүзүү (кадрлар резервине киргизүү, маектешүү өткөрүү, кызматкерлерди дайындоо, которуу, ротациялоо) | Кызматкерлерди маектешүүдө, дайындоодо, которууда, кызмат ордуна көтөрүүдө жана ротациялоодо талапкерлерди объективдүү эмес баалоо, кызыкчылыктардын кагылышуусу болсо да кадрдык чечимдерди кабыл алуу, айрым адамдарга мыйзамсыз артыкчылык берүү же белгиленген квалификациялык талаптарды этибарга албай, кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык
| Орто | КР ЮМнин жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн конкурстук комиссиясы, адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү, КР ЮМнин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
20 | Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу | - сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен сатып алуунун катышуучуларынын аффилиацияланышы; - квалификациялык талаптарды конкреттүү жеткирүүчүгө ылайыкташтырып түзүү. - Конкреттүү жеткирип берүүчүгө техникалык тапшырмаларды жана талаптардын спецификацасын түзүү | Системалуу | Орто
| КР Юстиция министрлигинин жана ага караштуу бөлүмдөрдүн сатып алуу комиссиялары, КР Юстиция министрлигинин финансылык пландаштыруу жана материалдык камсыздоо башкармалыгы жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн жооптуу бөлүмдөрү | Сатып алуу комиссияларынын мүчөлөрү башкармалыктын начальниги; мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы; башкы адис; жетектөөчү адис. Техникалык спецификацияны түзүүгө, макулдашууга жана бекитүүгө катышкан жетекчилер жана адистер | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| - Сатып алууну демилгелеген түзүмдүк бөлүнүштөр; техникалык талаптарды түзгөн түзүмдүк бөлнүштөр; техникалык талаптарды бекитүүчү жетекчи |
| |||||