Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 13-август №112
Арал участогундагы 6 гектар жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана анын максаттуу багытын өнөр жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, айыл аймагынын экономикалык абалын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында, ошондой эле Улахол айылдык кеңешинин агрардык, жер маселелери, экология жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана тиешелүү каттоодон өткөрүү боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу;
- Жердин категориясын өзгөртүү (трансформациялоо) боюнча жерге жайгаштыруу иш кагаздарын (землеустроительное дело) даярдап, Тоң райондук мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте сунуштоо.
Төрага К.Бейшеев