Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 13-август №113
Улахол айыл аймагындагы соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин жана насвай затын сатууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, «Кыргыз Республикасында калктын саламаттыгын алкоголдун зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ошондой эле айыл аймагында коомдук тартипти чыңдоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, калктын жана өспүрүмдөрдүн саламаттыгын коргоо максатында,Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагынын аймагында жайгашкан бардык соода түйүндөрүндө (дүкөндөрдө, күркөлөрдө ж.б.) саат кечки 20:00дөн эртең мененки саат 08:00гө чейин спирт ичимдиктерин (арак, сыра, шарап ж.б.) сатууга толугу менен тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын тамекиге каршы мыйзамдарына жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, айыл аймагындагы соода түйүндөрүндө колдо жасалган, курамы белгисиз жана сертификаты жок тамеки өнүмдөрүн (насвай затын) сатууга тыюу салынсын.
3. Улахол айыл өкмөтү аймактагы соода түйүндөрүнүн ээлерине бул токтомдун талаптарын расмий түрдө тааныштырсын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Спирт ичимдиктерин сатуу тартибин жана насвай сатууга коюлган тыюуну бузган соода түйүндөрүнүн ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү айып пулдар жана жоопкерчилик чаралары колдонула тургандыгы эскертилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана дайыма көзөмөл жүргүзүү төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- Улахол айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине;
- Аймактык участкалык милиция инспекторуна;
- Айылдык Аксакалдар сотуна жана Коомдук алдын алуу борборуна (КАБ).
6. Бул токтом расмий жарыяланган жана коомдук маалымат такталарына илинген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык кеңешинин «укук депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев