РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 730-т (Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 25.09.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 25-сентябры № 730-т

 

Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, сугат жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, топурактагы нымдуулуктун запастарын топтоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди күзгү жана жазгы ным топтоочу сугарууну өз убагында уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:

1) күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын;

2) жыл сайын райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ным топтоочу сугатты жүргүзүүнүн көлөмдөрүн, мөөнөттөрүн жана аянттарын аныктасын;

3) сугат суусун берүү графиктерин иштеп чыксын, берилген суунун көлөмдөрүн жана иш жүзүндө сугарылган аянттарды эсепке алууну камсыз кылсын;

4) күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты жүргүзүүгө тарифтерди кайра карап чыксын;

5) күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтарды жалпылоону жана сугаруу жүргүзүлгөн мезгилде аларды жума сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүүнү, ал эми жыйынтыктар жөнүндө маалыматты - тиешелүү мезгил аяктагандан кийин берүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын (мындан ары - Суу ресурстары кызматы) аймактык бөлүмдөрүнүн күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты өз убагында уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ишин координациялоону камсыз кылсын;

2) ным топтоочу сугарууга тийиш болгон сугат жерлердин аянттарын аныктоого жана сугат суусун берүү графиктерин түзүүгө катышсын;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жер пайдалануучулардын ным топтоочу сугатты уюштурууда жана жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө сугат жерлердин аянттары жана жер пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды берүү;

2) күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты жүргүзүүгө муктаж болгон сугат жерлердин аянттарын аныктоого катышуу;

3) ным топтоочу сугатты жүргүзүүнүн мөөнөттөрү жана сугат суусун берүү графиктери жөнүндө жер пайдалануучуларга маалымдоо, ошондой эле Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.

5. Бул тескемени ишке ашыруу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларга берилген ыйгарым укуктардын, бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде, республикалык бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнбөстөн жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Касымалиев

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Иш-чаралардын аталышы

Жооптуу жана координациялоочу мамлекеттик органдар

Жооптуу бөлүмдөр

Аткаруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү натыйжалар

1

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугарууга тийиш болгон сугат жерлердин аянттарын аныктоо жана участоктордун карталарын иштеп чыгуу

САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, СРК, ЖМА, ЖӨБО

РАӨБ, РСЧБ, ЖМА, ЖӨБО

2026-жылдын 1-октябрына чейин

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугарууну жүргүзүү үчүн 400000 га сугат жерлердин аянты аныкталды

2

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугарууга тийиш болгон сугат жерлердин аянттарын ар бир район боюнча, ошондой эле сугаруу планын жана графиктерин бекитүү. Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугаруунун пландарын жана графиктерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жооптуу кызмат адамдарын аныктоо

САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, СРК

ЖӨБО, РАӨБ, РСЧБ

2026-жылдын 1-октябрына чейин

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугаттын планын жана графиктерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жооптуу кызмат адамдарын аныктоо менен ар бир район боюнча сугаруунун пландары жана графиктери бекитилди

3

Сугат суусуна болгон керектөөнү, ошондой эле ным топтоочу сугатты жүргүзүү үчүн аны берүүнүн көлөмдөрүн жана мөөнөттөрүн аныктоо

САЧКӨМ, СРК

РАӨБ, РСЧБ

Жыл сайын, тиешелүү сугат мезгили башталганга чейин

Сугат суусуна болгон керектөө, ошондой эле ным топтоочу сугатты жүргүзүү үчүн аны берүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү аныкталды

4

Дыйкандардын жана жер пайдалануучулардын арасында системалуу түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштуруу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында күзгү жана эрте жазгы мезгилдерде ным топтоочу сугатты жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун чагылдырууну камсыз кылуу. Ным топтоочу сугатты жүзөгө ашырууга дыйкандарды жана жер пайдалануучуларды шыктандырууга жана кызыкдарлыгын жогорулатууга багытталган механизмдерди иштеп чыгуу

САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, СРК, ЖӨБО

САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО

Ным топтоочу сугатты жүргүзүү мезгилинде жума сайын

Дыйкандардын жана жер пайдалануучулардын ным топтоочу сугатты жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, маанилүүлүгү жана натыйжалуулугу жөнүндө маалымдуулугу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жогорулады

5

Ным топтоочу сугатты уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо

КРП облустардагы ЫУӨ

КРП облустардагы ЫУӨ

Сугатка даярдык көрүү жана жүргүзүүнүн тиешелүү мезгилинин ичинде

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облустук деңгээлде өз ара аракеттенүүсүн координациялоо камсыздалды

6

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты жүргүзүү

СРК, ЖӨБО,

РСЧБ, ЖӨБО

Күзгү мезгил 2026-жылдын 1-октябрынан 2027-жылдын 31-мартына чейин

Күзгү ным топтоочу сугат жүргүзүлдү

7

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугаттын жүргүзүлүшүнө мониторинг жүргүзүү

САЧКӨМ, СРК, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

РСЧБ, ЖМА, ЖӨБО

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты жүргүзүү мезгилинде

Сугаттын жүргүзүлүшүнө мониторинг жүргүзүү камсыздалды

8

Иш жүзүндө сугарылган сугат жерлердин аянттарын жана берилген сугат суусунун көлөмдөрүн эсепке алуу

САЧКӨМ, СРК

РАӨБ, РСЧБ,

Сугат жүргүзүлгөн мезгилде

Иш жүзүндө сугарылган сугат жерлердин аянттарын жана берилген сугат суусунун көлөмдөрүн эсепке алуу камсыздалды

9

Иш жүзүндө сугарылган сугат жерлердин аянттарынын жана берилген сугат суусунун көлөмдөрүнүн пландык көрсөткүчтөрдөн четтөө себептерин талдоо

САЧКӨМ, СРК

РАӨБ, РСЧБ,

Тиешелүү сугат мезгилинин аякташы боюнча

Четтөөлөрдүн себептери аныкталды жана аларды жоюу боюнча сунуштар даярдалды

10

Кийинки вегетациялык мезгилге ирригациялык инфраструктураны тазалоо, калыбына келтирүү жана даярдоо боюнча иш-чаралардын комплексин анын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында жүргүзүү

САЧКӨМ, СРК, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО

РАӨБ, РСЧБ, ЖӨБО

Тиешелүү сугат мезгилинин аякташы боюнча

Ирригациялык инфраструктура кийинки вегетациялык мезгилге даярдалды, анын сугат суусун үзгүлтүксүз берүүгө даярдыгы камсыздалды

11

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугатты жүргүзүү мезгилинде иш жүзүндө сугарылуучу жерлердин инвентаризациясын жүргүзүү

САЧКӨМ, СРК, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО

РАӨБ, РСЧБ, ЖӨБО

Тиешелүү сугат мезгилинин аякташы боюнча

Иш жүзүндө сугарылуучу жерлердин аянттарынын инвентаризациясы жүргүзүлдү

12

Суу пайдалануучулар менен жер тилкесинин аянты, өстүрүлүүчү айыл чарба өсүмдүгү жана берилүүчү суунун көлөмү милдеттүү түрдө көрсөтүлгөн келишимдерди түзүү

САЧКӨМ, СРК

РАӨБ, РСЧБ

2027-жылдын 31-мартына чейин

2027-жылдын вегетациялык мезгилине суу пайдалануучулар менен келишимдер даярдалды жана түзүлдү

13

Кийинки жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн аныктоо

САЧКӨМ, СРК

РАӨБ, РСЧБ

2027-жылдын 31-мартына чейин

2027-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмү аныкталды

14

Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана алардын жыйынтыгы боюнча практикалык сунуштарды киргизүү

САЧКӨМ, Ирригация институту

САЧКӨМ, Ирригация институту

Дайыма

Ным топтоочу сугаттын натыйжалуулугун жогорулатууга жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган илимий негизделген практикалык сунуштар иштелип чыкты

15

Ирригациялык каналдарды СРКнын балансына өткөрүп берүү процессин тездетүүнү камсыз кылуу

СРК, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО

РАӨБ, ЖМА, ЖӨБО

2026-жылдын 31-декабрына чейин

Ирригациялык каналдарды СРКнын балансына өткөрүп берүү жана кабыл алуу процесси аяктады

16

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугаттын жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматты жалпылоо, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүү

САЧКӨМ

САЧКӨМ

Тиешелүү сугат мезгилинин жүрүшүндө жана анын аякташы боюнча

Күзгү жана жазгы ным топтоочу сугаттын жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалымат даярдалды жана берилди