1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 677 токтомуна)
Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп эсептелген ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган – арыздарды кабыл алууну жана кароону уюштурууну жана ордун толтурууну берүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган);
2) арыз ээси – Кыргыз Республикасынын резиденти болуп эсептелген жана анын аймагында продукция өндүрүүнү жүзөгө ашырган, сертификаттоодон жана кайра сертификаттоодон өтүүгө, ошондой эле продукция багытталган мамлекет тарабынан таанылган аккредиттелген чет өлкөлүк лабораторияларда продукцияга сыноо жүргүзүүгө байланыштуу иш жүзүндө тарткан жана документтер менен ырасталган чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууга өз ыктыяры менен арыз берген юридикалык жак же жеке ишкер;
3) арыз – ата мекендик өндүрүүчүлөргө сертификаттоодон жана кайра сертификаттоодон өтүүгө, ошондой эле продукция жөнөтүлүүчү мамлекет тарабынан таанылган аккредитацияланган чет өлкөлүк лабораторияларда продукцияга сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу үчүн арыз ээси тарабынан ыйгарым укуктуу органга өз ыктыяры менен берилген, ушул Жобонун тиркемесине ылайык формада таризделген документ;
4) чет өлкөлүк сыноо лабораториясы – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан жана эл аралык талаптарга ылайык аккредиттелген, сыноо жыйынтыктары импорттоочу мамлекет тарабынан таанылган же продукцияны тиешелүү тышкы рынокко киргизүү үчүн зарыл болгон сыноо лабораториясы.
2-глава. Максаты жана милдеттери
3. Ушул Жобонун максаты ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана анын тышкы рынокторго кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
4. Ушул Жобонун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү;
2) продукцияны тышкы рынокторго чыгаруу үчүн зарыл болгон эл аралык стандарттарды, шайкештикти баалоо системаларын жана схемаларын ишке киргизүүгө дем берүү;
3) продукциянын импорттоочу мамлекеттердин жана чет өлкөлүк сатып алуучулардын талаптарына шайкештигин ырастоо максатында сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өткөрүүгө жана продукцияга сыноо жүргүзүүгө көмөктөшүү;
4) ата мекендик өндүрүштөгү продукциянын экспортунун көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;