Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 677 токтомуна)

Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия жөнүндө жобо

 

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүдө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүдө чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) статусун, түзүү тартибин, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну аныктайт.

2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого ылайык арыздарды кароо жана ордун толтурууну берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиялуу кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

3. Комиссия өз ишин мыйзамдуулук, объективдүүлүк, көз карандысыздык, коллегиялуулук, арыз ээлеринин тең укуктуулугу, чечим кабыл алуунун ачыктыгы жана айкындуулугу, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.

4. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

2-глава. Комиссиянын курамы

5. Комиссия иши экспортту өнүктүрүү, өнөр жай, айыл чарба, стандартташтыруу, сертификаттоо жана ишкердикти колдоо маселелери менен байланышкан мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана ишкерлердин бирикмелеринин өкүлдөрүнөн түзүлөт.

6. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) Комиссиянын төрагасы;

2) Комиссиянын төрагасынын орун басары;

3) Комиссиянын катчысы;

4) Комиссиянын мүчөлөрү.