Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-октябры № 663
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан чет өлкөлүк жарандарды тартуунун, кабыл алуунун жана коштоп жүрүүнүн бүтүндөй системасын түзүү, мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» мамлекеттик ишканасы менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кесиптик орто жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 18, 19-пунктчалар менен толукталсын:
«18) чет өлкөлүк студенттерди тартуу боюнча өнөктөштөрдү (рекрутингдик агенттиктерди) аккредитациялоо жана аккредитацияланган өнөктөштөрдүн реестрин жүргүзүү;
19) берилген документтерди верификациялоонун жыйынтыктары боюнча абитуриенттин жеке кабинетинде автоматташтырылган маалыматтык системада катталгандыгын ырастоочу жана окуу визасын («S» тиби) тариздөө үчүн билим берүү уюмунун өтүнүчүнө кошумча коштоочу документ катары берилүүчү чакырууну (өтүнүчтү) түзүү.»;
– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
«141. Ушул Уставдын максаттары үчүн өнөктөштөр (рекрутингдик агенттиктер) деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жактар же жеке ишкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамда белгиленген тартипте иш жүргүзгөн, Ишкана менен келишимдин негизинде чет өлкөлүк абитуриенттерди тартууну (рекрутинг), маалыматтык коштоону жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына кабыл алууга көмөк көрсөтүүнү, ошондой эле билим алуучуларды окуусун аяктаганга чейин коштоп жүрүүнү жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактар түшүнүлөт.»;
– 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
«12) чет өлкөлүк студенттерди тартуу боюнча өнөктөштөрдү (рекрутингдик агенттиктерди) аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүүгө.».
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) менен өз ара аракеттенүүнү жана Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан чет өлкөлүк жарандарды (мындан ары – чет өлкөлүк студенттер) тартуу, кабыл алуу, кирүү, жүрүү, медициналык камсыздоо жана коштоп жүрүү маселелери боюнча ага көмөк көрсөтүүнү камсыз кылсын, анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү документтердин негизинде билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, ошондой эле кошумча коштоочу документ катары Ишкананын чакыруусу (өтүнүчү) болгон учурда чет өлкөлүк студенттердин визалык өтүнмөлөрүн кароону жүзөгө ашырсын;
– Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу Кыргыз Республикасынын билим берүү потенциалы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
– Ишкана менен чет өлкөлүк студенттердин жүрүү маселелери боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырсын;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
– чет өлкөлүк студенттерди медициналык күбөлөндүрүүнү (медициналык кароону) уюштурууну камсыз кылсын;
– чет өлкөлүк студенттердин медициналык текшерүүлөрдөн өтүүсүнүн тизмегин жана тартибин аныктасын;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
– чет өлкөлүк студенттердин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин тариздөөнү жана жогоруда аталган маселе боюнча Ишкана менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти:
– Ишкана менен билим берүүнү өнүктүрүүнүн, сапатын камсыз кылуунун жана баалоонун, билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун жана чет өлкөлүк студенттердин билими жөнүндө документтеринин аныктыгын ырастоонун бардык маселелери боюнча кызматташсын, ошондой эле Ишкананын кайрылуулары боюнча билим берүү уюмдарынын чет мамлекеттердин жарандарын кабыл алуунун квоталарын макулдашуу жана бекитүү максаттары үчүн лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга шайкештигин баалоону (текшерүүнү) жүргүзсүн;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте автоматташтырылган маалыматтык системада катталган чет өлкөлүк студенттерге идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу жөнүндө маалыматтарды берүү бөлүгүндө Ишкана менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырсын.
3. Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу 2027-жылдын 1-январынан тартып жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 75 (3835) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |