Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-сентябры № 633
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомго ылайык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарларынын кызмат орундарын кыскартуунун натыйжасында бошотулган тиешелүү каржылык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 3-пунктта «992», «294» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «991», «293» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 4-пунктта «751», «129» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «750», «128» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 7-пунктта «887», «68» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «886», «67» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 8-пунктта «451», «102» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «450», «101» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 9-пунктта «1602», «133» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «1601», «132» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 10-пунктта «336», «97» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «335», «96» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 101-пунктта «186», «126» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «185», «125» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 15-пунктта «183», «87» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «182», «86» деген цифраларга алмаштырылсын;