Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 16-октябры № 349
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугун мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө системасын өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралардын аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 79 (3839) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |