Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын _______________ №_____
Талды-Суу айылындагы “Керемет” МЧББУнун санитардык-техникалык объекттерин тазалоого каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши Талды-Суу айылындагы «Керемет» МЧББУнун кайрылуусун карап чыгып, мекеменин санитардык абалын жакшыртуу максатында токтом кылат:
1. Талды-Суу айылындагы «Керемет» МЧББУнун 50 тонналык саркынды суу топтолуучу септигин жана сырткы дааратканасын ассенизатордук унаа менен тазалатуу үчүн 24 000 (жыйырма төрт миң) сом өлчөмүндө акча каражаты жергиликтүү бюджеттен мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу жана мыйзамдуу пайдаланышын камсыз кылуу Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Аталган иштердин аткарылышын ырастоочу документтер белгиленген тартипте таризделсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага С.А. Жангабылов