Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын _______________ №_____
Чоң-Таш айылынын ФАПынын электр жарыктандыруу иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык, Чоң-Таш айылынын фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) имаратынын ички электр жарыктары жана тышкы прожектору иштебей калгандыгына байланыштуу, электр жарыктандыруу иштерин жүргүзүү жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүгө тийиштүү шарттарды түзүү максатында, Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Таш айылынын ФАПынын имаратынын ички электр жарыктарын жана тышкы прожекторун оңдоо жана ишке келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө акча каражаты жергиликтүү бюджеттин тиешелүү чыгымдар беренесинен каралсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу жана мыйзамдуу пайдаланылышын камсыз кылуу Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага С.А. Жангабылов