Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын _______________ №_____
Эски контордун имаратын баланстан чыгарууга, бузууга жана ачык аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Чон-Таш айылынын Ш.Жаныбаев №33 дарегинде жайгашкан эски кантордун имараты жараксыз абалга келгендигине байланыштуу баланстан чыгарууга, бузууга жана ачык аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө токтом кылат:
1. Чоң-Таш айылынын Ш. Жаныбаев көчөсү №33 дарегинде жайгашкан, мындан ары пайдаланууга жараксыз абалга келген эски контордун имараты муниципалдык баланстан белгиленген тартипте чыгарылсын.
2. Аталган имаратты техникалык коопсуздук талаптарын сактоо менен бузууга (демонтаждоого) макулдук берилсин.
3. Имаратты баланстан чыгаруу жана бузуу иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруу Каркыра айылаймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Р.Т.Черикбаевге, көзөмөл кылуу жагы Каркыра айыл аймагынын айылдык
кеңешинин айыл чарбасы, жер муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар,
архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча туруктуу
комиссиясына жана Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана
тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага С.А. Жангабылов