Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын _______________ №_____
Каркыра айыл аймагына караштуу Каркыра айылынын Байсеитов №38 дарегинде жайгашкан ФАПка берилген 2855,60 ч/м жер тилкесинин багытын курулуп калган мечитке өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14-беренесине ылайык, Каркыра айыл аймагына караштуу Каркыра айылынын Байсеитов №38 дарегинде жайгашкан ФАПка берилген 2855,60 ч/м жер тилкесинин багытын мечитке өзгөртүү боюнча Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагына караштуу Каркыра айылынын Байсеитов №38 дарегинде жайгашкан ФАПка берилген жер тилкесин идентификациялык коду 2-05-07-1005-0044 жалпы аянты 2855,60 ч/м жер тилкесин багытын мечит курулуп калгандыктан багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.
Төрага С.А. Жангабылов