Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-февралы №57/XVIII-29
Адистештирилген техника жүктөгүчү бар дөнгөлөктүү
тракторду баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондунун “LOVOL V904-D маркасындагы жүктөгүчү менен трактор адистештирилген техника алуу боюнча” долбоорунун аякташына байланыштуу жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.К.Бектемированын “LOVOL V904-D маркасындагы адистештирилген техника жүктөгүчү бар дөнгөлөктүү тракторду баланска алуу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Номиналдык баасы 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом болгон 63321МЗВ8Т4100961заводдук номери менен LOVOL V904-D адистештирилген техника жүктөгүчү бар дөнгөлөктүү трактор Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |