РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-октябрындагы № 810-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 185-р тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Каракөл» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун тиркелген долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 24.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

 

2026-жылдын 24-октябры № 810-т

 

«Кара-Көл» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, долбоор боюнча жеке өнөктөштү алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2023-жылдын 27-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кара-Көл» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев