РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 27-октябрындагы № 685 («Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда Кутманов Эрмек Осмоновичти убактылуу сырткы башкаруучу кылып дайындоо жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 27.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 27-октябры № 685

 

Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан, жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузууларды четтетүү, ошондой эле «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунун экономикалык ишин улантуу максатында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 7 «Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:

 

2026-жылдын 24-октябрынан тартып 2027-жылдын 19-январына чейинки мезгилге Кутманов Эрмек Осмонович «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев