КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-сентябры № 801-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 788-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 303 тескемесин аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 788-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районунун төмөнкү көчөлөрүндө автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын заказчысы болуп:
- Достоевский көчөсү Шабдан Баатыр проспектинен Путепроводная көчөсүнө чейин;
- Чыгыш-5 кичи районундагы № 23, 24б, 25, 30, 31 көп батирлүү турак үйлөргө кирүүчү жолдор;
- Менделеев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Путепроводная көчөсүнө чейин;
2) "ДорСтрой Групп" жоопкерчилиги чектелген коому ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн көчөлөрдөгү автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды берүүчү (подрядчы) болуп;
3) Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районунун төмөнкү көчөлөрүндө автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын заказчысы болуп:
- Адыгине көчөсү Курултай көчөсүнөн Орто көчөсүнө чейин;
- Восточная көчөсү № 2/1 үйдөн Мостовая көчөсүнө чейин;
- Самойленко көчөсү Ы.Абдырахманов көчөсүнөн Гаражная көчөсүнө чейин;
- Гаражная көчөсү Самойленко көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектине чейин;
- Мостовая көчөсү Ч.Айтматов проспектинен Самойленко көчөсүнө чейин;
- Кожомкулов көчөсү Самойленко көчөсүнөн 7-көчөгө чейин;
- Парк көчөсү Ы.Абдырахманов көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейин;
- Азия көчөсү Магистраль көчөсүнөн Ы.Абдырахманов көчөсүнө чейин;
- Боз-Бөлтөк көчөсү Магистраль көчөсүнөн Ы.Абдырахманов көчөсүнө чейин;
4) "Айла Дор Гранд" жоопкерчилиги чектелген коому бул тескеменин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн көчөлөрдөгү автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды берүүчү (подрядчы) болуп.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 788-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул тескеме эки жылдын ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |