Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 8-июлу № 582-т
Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
- Меңди Мамазаирова, Атантай Акбаров курамдан чыгарылсын;
- киргизилсин:
Бакиров Карбалас - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Капалбаев Октябрь Эркинович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 2-тиркемесинде:
- 14-16-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Сынактык долбоор 4төн көп эмес куплеттен (3 куплет жана 1 кайырма) түзүлүшү керек.
15. Сынактын 1-этабына катышуу үчүн өтүнмөнүн кагаз жүзүндө варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 17-июлуна чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
16. Сынактын 1-этабына катышууга өтүнмөнүн электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 17-июлуна чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Амангельдиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ